• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте жоолук күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек. 01.02.19 /Кабар/. Бишкекте Бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленет. "Умма" ислам журналы тарабынан уюштурулуп жаткан иш-чара 2-февраль күнү саат 11:00 "Asia Mall" соода борборунда башталат.

Өткөрүлгөн иш-чараларда жоолуктун аялзатынын жашоосундагы орду тууралуу айтылып, бүгүнкү күндө жоолук салынган кыздардын кандай көйгөйлөргө туш болору, калыптанган жаңылыш ой пикирлерди жокко чыгаруу, түрдүү көз караштагы айымдарды үй-бүлө, карьера, ден-соолук, сулуулук сыяктуу жалпы темаларда бириктирип, диалогго чакыруу маселелери көтөрүлөт.

Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, боло турган иш-чарада коомдогу активдүү айымдардан пайдалуу кеңештер, жоолукту жарашыктуу салынуу жана кол өнөрчүлүк боюнча акысыз мастер-класстар өтөт. Ошондой эле мыкты мастерлердин колунан мехенди, креативдүү фото-стенддер, конкурс жана викториналар уюштурулуп, баалуу белектер болмокчу.

Эске салсак, 2014-жылдан бери 1-февраль бүткүл дүйнөлүк жоолук күнү белгиленип баштаган. Бул күндү белгилөө идеясын Нью-Йорктун тургуну Назма Хан сунуштап, жоолук салынбаган дос, тааныштарын 1 күн аны салынып көрүүгө чакырган.

Ал эми "Умма" журналы бир катар уюмдар менен биргелешип, Кыргызстанда жоолук күнүн 2016-жылдан бери уюштуруп келет.

Пикир

Оставить комментарий