• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте 2 калкты тейлөө борборунда жана "Бишкек почтамтта" эмдөө пункттары ачылды

COVID - 19 0

Бишкек, 19.08.21. /Кабар/. Бишкекте 2 калкты тейлөө борборунда коронавируска каршы эмдөө пункттары ачылды. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калкка ыңгайлуу болуусу үчүн Бишкек шаарындагы эки калкты тейлөө борборунда, ошондой эле «Кыргызпочтасы» МИнин бөлүмүндө («Бишкек почтамт» филиалы) COVID-19дан эмдөөчү убактылуу пункттар иштеп жатат.

Аймактардагы КТБда вакцинация пункттары азырынча Баткен облусунда ачылды.

"Бишкек шаарындаus эмдөө пункттары 3-КТБ (Жаш Гвардия бульвары, №4), 4-КТБ (Жибек-Жолу проспектиси, №381 мурдагы «Эльдорадо» соода борборунун имаратында) жана "Бишкек почтамтында" (Чүй проспектиси, №96) даректери боюнча ачылган. Баткен облусунда Баткен шаары М.Салихов көчөсү, 33/1 дарегинде",-деп айтылат маалыматта .

Бул пункттарда бардык каалоочулар эмдөө ала алышат. Эң негизгиси вакцина алуучунун жанында паспорту болушу керек. Вакцинация бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен акысыз негизде жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий