• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 2 миңден ашык абоненттин жарыгын өчүрүү пландалууда

Коом 0

Бишкек, 13-июнь /Кабар/. “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 2 405 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, “Түндүк электр” ААК 13-июнда, өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы “акылдуу” эсептегичтерге кошулган 2 405 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүүнү мерчемдөөдө.

Анын ичинен:

Октябрь району – 302

Биринчи Май району – 675

Ленин району – 867

Свердлов району боюнча 561 абонент

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдү учур чак режиминде кабыл алууда. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банка» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эми “акылдуу” эсептегич (ЭКЭАМЧАС эсептегичи) орнотулган керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан соң, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Маалымкат

“Түндүк электр” ААК Бишкек шаарындагы турмуш-тиричилик жана өндүрүш абоненттерине 117 454 электр энергияны коммерциялык эсепке алуу жана маалыматтык-ченөө автоматташтырылган системасына (ЭКЭАМЧАС) кошулган электр эсептегичтерди орноткон.

ЭКЭАМЧАС эсептегичтери

автоматтык түрдө көрсөткүчтү учур чак менен “Түндүк электр” серверине жөнөтөт;

кубаттуулуктун чегинен чыкса электр энергияны автоматтык түрдө өчүрөт;

автоматтык түрдө аласа карыз үчүн өчүрүлөт жана төлөм кабыл алынган соң кошулат;

эсептегич жабдыктын ишине тыштан кирүүгө жасалган аракеттер боюнча автоматтык түрдө маалымдайт.

Пикир

Оставить комментарий