• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 20 миң сомдук кабелди уурдоого шектелип эркек киши кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Бишкекте 20 миң сомдук кабелди уурдоого шектелип эркек киши кармалганын Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 23-октябрда болжол менен саат 05:50дө Бишкек милициясынын “102” кызматына Байтик Баатыр көчөсүнөн электр энергиясына тиешелүү буюмдарды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 57 жаштагы А.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:00дө “Пикник” ЖЧКсынын имаратынан белгисиз адамдар 20 миң сомдук кабелди уурдап кеткен. Кабелдин узундугу 150 метрди түзөт.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам-издөө иштерин уюштуруп, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы З.А. аттуу жаранды кармашкан. Шектүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Аталган факты боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 200-беренесинин (Уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий