• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте 2017-жылга шаардык бюджетти жалпы шаардык угуулар өттү

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин жыйындар залында Бишкек шаарынын 2017-жылга бюджетинин долбоору жана 2018-2019-жылдарга божомолу талкууланды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

1-вице-мэр Эрнис Зарлыков айткандай, 2017-жылга карата Бишкек шаарынын бюджетинин кирешелери 8865,2 млн сом өлчөмүндө болжолдонууда, бул 2016-жылы бекитилген бюджеттен 368,9 млн сомго көп же өсүш темпи 104,3%га көп.

Жалпы шаардык угуулар суроо-жооп түрүндө өттү. Анда шаардыктар жарыктандыруу, канализацияга кошуу, кварталдар аралык жана ички короо оңдоо иштери жана башкалар боюнча сурашты.

Угуулардын жүрүшүндө 1-вице-мэр бюджет баштагыдай эле болжолдуу багыттуу экендигин билдирди. Анын айтымында, 2017-жылы саламаттык сактоого – 273 миң 605 сом, эс алуу, маданият жана динге - 296 миң 501 сом, социалдык тармакка – 312 млн сом, билим берүүгө 3 млрд 412,2 млн сом бөлүү пландалган.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, шаардык кеңештин депутаттары, райондук администрация башчылары, мэриянын түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери жана шаар жашоочулары катышышты.

Пикир

Оставить комментарий