• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 2018-жылы чоңдор арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия биринчилиги 2018-жылы Бишкекте өтөт. Бул тууралуу спорттун аталган түрлөрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Биринчилик 28-февралдан 4-мартка чейин өтөт.

"UWW" бириккен күрөш дүйнөсүнөн тастыктоо каты бүгүн алынды.

“Узакка созулган ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдөн кийин биз жеңип чыкканыбызды сыймыктануу менен айтабыз. Биз Кыргызстанда Азия чемпионаты-2018ди жогорку деңгээлде өткөрүүгө даярбыз”, - деп билдиришти федерациядан.

Азия биринчилиги – азиялык өлкөлөрдүн күрөш түрлөрү боюнча континенттик чемпионаты. Ал 1979-жылдан бери өткөрүлүп келет. Аялдар арасында мелдештер 1996-жылдан бери уюштурулат.

Пикир

Оставить комментарий