• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйыны өтөт

Экономика 0

Бишкек, 18.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бакыт Джусупов Будапешт шаарына иш сапар менен барып, Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин, Адам ресурстар боюнча министрлигинин жана Эксим Банктын жетекчилиги менен жолукту.

ТИМден кабарлашкандай, элчи Венгриянын Тышкы иштер жана соода министрлигинин мамлекеттик катчысынын орун басары Цецилия Силаш менен саясий, экономика жана билим чөйрөсүндө эки өлкөнүн кызматташуусун жана Венгриянын премьер-министри мырза Виктор Орбандын 2018-жылдагы Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын ишке ашыруусун талкуулады.

"Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер комиссиясынын өкмөттөр аралык биринчи жыйынын 2019-жылы өткөрүүнүн мөөнөтүн макулдашты жана аталган жыйындын алкагында кыргыз-венгер бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулады", - деп билдиришти Тышкы иштер министрлигинен.

Ошондой эле элчи Джусупов Венгриянын Адам ресурстар боюнча министрлигинин мамлекеттик катчысы П.-Т. Орсолиа менен Венгриянын жогорку окуу жайларында 2019-жылга тарта окууну каалаган кыргыз жарандары үчүн квоталык орундарды көбөйтүүнү практикалык ишке ашыруу маселеси талкуулаган.

Элчи Б.Джусупов Венгриянын Экспорт жана Импорт Банкында экономиканы өнүгүү долбоорлорду каржылоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий