• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте “2020-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” конкурсунун финалы өттү

Коом 0

Бишкек, 20.11.20. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарынан келген мектеп ашпозчулары арасында сынак болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ашпозчулардын сынагы 2019-жылдын ноябрь айында жарыяланып, бир нече этапта өткөрүлдү. Бүгүн, 20-ноябрда финалда бардык коопсуздук чараларын эске алуу менен эң мыкты деп табылган беш оригиналдуу рецепттин авторлору “2020-жылдын мыкты мектеп ашпозчусу” наамы үчүн ат салышты.

Белгилей кетсек, сынакты КР Билим берүү жана илим министрлиги, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) жана Тамак-аш өнөр жай институту уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий