• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 2020-жылы №15, №71 эки автобус каттамы ачылган

Коом 0

Бишкек, 05.01.21/ Кабар/. Бишкек шаардык мэриясынын Шаардык транспорт башкармалыгы 2020-жылы №15, №71 эки автобус каттамын ачты. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, шаардык транспорттук кызматтар, пандемияга карабастан 2020-жылга пландаштырылгандай ишин токтоткон жок.

Коомдук транспортто шаардык жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу максатында видеокамералар орнотулган.

“Автобустардын 95%, троллейбус жана кичи автобустар 60% видео жаздыргычтар менен жабдылган”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 1-июндан баштап шаардык транспорт башкармалыгынын, троллейбус башкармалыгынын жана автобус паркынын адистери Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы транспорттук инспекциясы менен биргеликте күн сайын санитардык эрежелердин сакталышын текшерип, айдоочулар жана жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет.

Санитардык нормаларды сактабагандыгы үчүн №134, №150 жана №293 беренелери боюнча протоколдор түзүлүп, айып пулдун жалпы суммасы 740 миң сомго жетти.

Мындан тышкары өткөн жылы 13 транспорттук жана 4 жөө жүргүнчүлөр үчүн жол чырак объектилер курулуп (эки транспорт жана бир жөө жүргүнчү) пайдаланууга берилди.

“Эки жол кыймылынын жана үч жөө жүргүнчү жол чырактын курулушу жүрүп жатат. Дагы 14 жол чыракты орнотуу үчүн тендер өткөрүлдү (11 - транспорт, 3 - жөө жүргүнчү) жана бир жол чырактын долбоордук-сметалык документтери даярдалууда”, - деп белгилешти шаардык бийликтен.

Белгилей кетсек, Бишкек мэриясы коомдук транспорттун иши боюнча ар дайым байланышта:

Шаардык транспорт башкармалыгы (кичи автобустар): 0550143637;
Бишкек автотранспорт ишканасы, автобустардын иштешин көзөмөлдөйт: 0553 022 753;
Бишкек троллейбус башкармалыгы: 0700411905.

Пикир

Оставить комментарий