• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 2022-2026-жылдарга карата Балдарды коргоо боюнча программа талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.06.22. /Кабар/. Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева КРнын 2022-2026-жылдарга балдарды коргоо боюнча программасын жана программаны ишке ашыруу планын талкуулоого катышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынан билдиришти.

Асель Чынбаева мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуунун ушул сыяктуу форматы натыйжалуу чечимдерди кабыл алууга оң таасирин тийгизет деп белгиледи.

Анын айтымында, балдарды коргоо боюнча программаны жүзөгө ашыруу планы конкреттүү жана олуттуу болушу керек, айрыкча балдардын аялуу категориясынын бакубаттулугун жакшыртуу жаатында. Планды жүзөгө ашыруу үчүн позитивдүү шарт - бардык мамлекеттик органдардын жана жарандык коомдун жергиликтүү бийлик органдарынын балдарды коргоо тутумунун натыйжалуулугуна жана кызматтарга жетүүнү жакшыртуу тутумуна киргизүү менен өз ара аракеттенүүсү болуп саналат.

Асель Чынбаева балдарды коргоо программасы жана ишке ашыруу планын өлкөдөгү балдардын жашоосун жакшыртууга багытталган реалдуу, конкреттүү жана чечиле турган болушу кажет экенине көңүл бурду.

Талкуунун жыйынтыгы боюнча, балдардын көйгөйлөрү жеринде чечилип жана кызматтар балдарга жакын шарттарда көрсөтүлүшү керектигин эске алуу менен Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө бул пландын аткарылышына активдүү катышуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий