• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

Коом 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Бишкек шаардык перинаталдык борборунда 16-ноябрда 21 жаштагы келин үч эм (эркек балдар) төрөдү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине төрөт үйүнүн башкы дарыгери Жамиля Марипова билдирди.

Анын айтымында, ымыркайлар 2 кг 290 грамм, 2 кг 380 грамм жана 2 кг 220 грамм салмакта төрөлгөн.

"Биздин борборго 16-ноябрда саат 14:30да кош бойлуу болгонуна 35 жума болгон аял келген. Аял кесарево жолу менен үч эмди жарык дүйнөгө алып келди", - дейт дарыгер.

Марипова ымыркайлар энеси менен кийинки жумада чыгарыларын айтат.

Белгилей кетсек, 21 жаштагы эне буга чейин кыз төрөгөн.

Пикир

Оставить комментарий