• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 21 жаштагы келин үч эм төрөдү

Ден соолук 0

Бишкек, 30.10.20. /Кабар/. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда (№6 төрөт үйү) 21 жаштагы келин үч эмди жарык дүйнөгө алып келген.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев агенттикке билдиргендей, ымыркайлар 29-октябрда төрөлгөн. Наристелердин биринчиси - 2 кг 20 грамм, экинчиси - 2 кг 300 грамм, үчүнчүсү - 2 кг 500 грамм.

«Ымыркайлар кесарева жолу менен жарык дүйнөгө келишти. Келиндин абалы туруктуу. Ымыркайлардын абалы болсо канааттандырарлык деп бааланууда, балдар реанимация бөлүмүндө көзөмөлдө болуп жатышат», - деди Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий