• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 21 жаштагы кыздын телефонун тартып алган адам кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Бишкекте 21 жаштагы кыздын телефонун тартып алган адам кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, кечээ, 14-февралда болжол менен саат 02:40 чамасында милицияга Ден Сяопин жана Месароша көчөлөрүнүн кесилишинен уюлдук телефонумду тоноп кетишти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1999-жылы туулган Ө.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректен белгисиз жаран арыз ээсин уруп, Redmi Note 8 үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө тартып алган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий