• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте №214 маршрутканын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркаган – жол кырсыгынын видеосу

Кырсык 0


Бишкек, 06.03.20. /Кабар/. Кечээ, 5-март күнү саат 14:00дө Бишкектин Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаанын катышуусу менен жол кырсыгы болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №214 каттам боюнча жүргөн кичи автобус менен "Вольво" унаасы кагылышкан. Кырсыкта 6 адам – эки эркек жана төрт аял, анын ичинде маршрутканын айдоочусу жабыркаган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Белгилей кетсек, кечээ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы 4 адамдын жабыркандыгы тууралуу билдирген.

Пикир

Оставить комментарий