• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 24 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу жигит кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Бишкекте 24 жаштагы кызды сүзүп кеткен айдоочу жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 17-мартында болжол менен саат 8.00дө автоунаасы менен Ауэзов көчөсүнөн түндүк тарапка бара жатып, 1996-жылы туулган А.Н., аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Бирок айдоочу окуя болгон берден из жашырып кеткен.

Кырсыктын натыйжасында жабыркаган кыз №4 шаардык ооруканага кайрылган.

"Ыкчам-издөө иш-аракеттеринин натыйжасында 18-мартта Toyota 4Runner үлгүсүндөгү автоунаанын 1991-жылкы айдоочусу кармалган. Шектүү жаран Бишкек шаардык ИИББсинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий