• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте ИИМ Академиясынын курсантын өлтүрө сүзүп кетишти

Кырсык 0

Бишкек, 09.01.23. /Кабар/. Бишкектин Жибек Жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн "Тойота Эстима” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу кызды сүзүп кеткен.

“Кабар” агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, кырсык бүгүн, 9-январда эртен мененки саат 07:10до орун алган.

Кырсыктын кесепетинен 24 жаштагы У.А. аттуу кыз жеринде каза болгон. Ал ИИМ Академиясынын курсанты болгон.

Унаа айып анятчасына коюлуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий