• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 24 жаштагы жаш режиссер дайынсыз жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.06.18. /Кабар/. Бишкекте 1994-жылкы режиссер Шамир Раяпов дайынсыз жоголду. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Шамир 4-июнда үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Белгилери: бою 175 см, чачы кара. Өзгөчө белгилери жок.

Туугандарынан түшкөн билдирүү Биринчи май ИИБде каттоого алынды.

Шамир Раяпов тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо төмөнкү номурларга чалып, кабарласаңыздар болот: 0(312) 56–60–43; 0 (312) 56–32–48, дайынсыз жоголгон баланын досунун номуру - 0 (707) 779 737.

Пикир

Оставить комментарий