• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 25 жаштагы кыз телефон уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкк, 11.02.21. /Кабар/. Бишкекте 25 жаштагы кыз телефон уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 10-февралда милицияга Д. Сяопин көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринде балдар урушуп жатат деген маалымат түшкөн.

Айтылган дарекке келген милициянын кайгуул кызматкерлерине 1988-жылы туулган Б.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле даректеги кафелердин биринен арыз ээсинин 16 миң сомдук чөнтөк телефонун жашыруун түрдө белгисиз жарандар уурдап кетишкендиги жазылган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармап, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Аталган факт Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий