• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 25 жаштагы милиционерди бычактап кетишкен

Кырсык 0

Бишкек, 26.10.17 /Салтанат Абдраева – Кабар/. Бишкекте Бөкөнбаев/Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы милиционер Уларбек Майрамбековдун сөөгү табылды. Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуусу бычакталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек шаардык ШИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, кырсыктан бир күн мурда Майрамбеков иш күнүн соңунда анын кароосундагы иштин материалдарын жана өзүнүн табелдик куралын өткөрүп, андан соң, үйлөнүүсүнө байланыштуу өргүүгө чыгуу үчүн рапорт жазган.

Уларбек иштен чыгып, кесиптешине Бишкектин кесилиштеринин бирине жеткирип коюуну суранып, ошол жерде калган. Кийин кызматкер бычактан алган жаракатынан каза болгону белгилүү болду. Бул факты боюнча КР КК 97-беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Бир катар экспертизалар белгиленди. Тыкыр тергөө амалдары жүрүүдө.

“ИИМ жана Бишкек ШИИБдин жетекчилиги менен ардагерлери, ошондой эле ички иштер органдарынын бүтүндөй жеке курамы Майрамбеков Уларбек Уланбековичтин трагедиялуу өлүмүн терең кайгыруу менен кабыл алат. Анын элеси дайыма эсибизде сакталат. Кызматташтарынын эсинде ал жоопкерчиликтүү жана боорукер кызматкер катары калды. Анын туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтабыз. Бул биз үчүн чон жоготуу. Туугандарынын кайгысын тең бөлүшөбүз”, -деп айтылат билдирүүдө.

Бишкек шаардык Биринчи май райондук ИИБ криминалдык милиция кызматынын ыйгарым укуктуусу милициянын ага лейтенанты Майрамбеков Уларбек Уланбекович 1992-жылы Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айылында туулган. 2014-жылы Россиянын ИИМ Академиясын аяктаган. Ички иштер органдарына кызматка 2014-жылы келип, милициянын тилкелик инспектору катары иштеп баштаган.

Каза болгон милиция кызматкеринин сөөгү 27-октябрда кичи мекенинде жерге берилет.

Пикир

Оставить комментарий