• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 25 жылдан бери балдар кардиология бөлүмүнүн курулушу бүтпөй келет

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.19. /Кабар/. Жал кичирайонунда жайгашкан Эне жана баланы коргоо улуттук борборундагы балдар кардиология бөлүмү 25 жылдан бери курулуп бүтпөй келет. Бул тууралуу улуттук борбордун директору Камчыбек Узакбаев кабарлады.

Анын айтуусу боюнча, мамлекеттик курулуш агенттиги аталган бөлүм быйыл курулуп бүтө турган объектилердин тизмесине киргендигин билдирген.

“Канча каражат жумшалаары тууралуу азырынча айтыла элек. Эгер ошол бөлүм бүтүп калса, биздин балдар үчүн абдан чоң жардам болот. Өлкөдө жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдар арасында көз жумгандардын саны жогору. Биз бул көрсөткүчтү эки эсе азайта алат элек. Бул бөлмөнү кургандан тышкары ал мамлекеттик деңгээлде болгондой кылып, ичин тиешелүү жабдыктар менен камсыз кылуу керек. Тубаса ден соолук кемтиктери менен төрөлгөн балдардын 30%ы жүрөк кемтиги менен төрөлгөндөр”, - дейт Узакбаев.

Пикир

Оставить комментарий