• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 250дөн ашык кичи автобус дезинфекцияланды

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. Инфекциялык ооруларды, анын ичинде коронавирустун алдын алуу максатында Бишкек шаарынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык борборунун кызматкерлери коомдук унааларды, соода-базар комплекстерин дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Учурда Бишкекте 250дөн ашык кичи автобуста дезинфекциялоо иштери жүргүзүлгөн.

Кичи автобустар менен бирге автобус жана троллейбустарда да дезинфекциялоо иштери жасалууда.

Мэриядан белгилешкендей, медициналык кароодон өтпөгөн, дене табы көтөрүлгөн жана КРВИ белгилери бар айдоочулар каттамга чыгарылган жок.

Коомдук унаалардын иши боюнча төмөнкү номерлерге кайрылууга болот:

- Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгы: 0703075727;

- Бишкектин жүргүнчү ташуучу автотранспорттук ишканасы (автобустардын ишин карайт): 0553 022 753, 0772 173 743 (WhatsApp);

- Бишкектин троллейбус башкармалыгы: 0559733866

Пикир

Оставить комментарий