• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 26 жаңы жол чырак орнотулду (даректери)

Коом 0

Бишкек, 11.01.22. /Кабар/. Бишкекте автоунаалардын, эл көп жүргөн жерлерде жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу үчүн 26 жол чырагы орнотулган, анын 20сы транспорттук, 6сы жөө жүргүнчүлөр үчүн.

Бүгүнкү күндө 18 жол чырагы курулуп, Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын "Адистештирилген монтаждык-эксплуатациялоо башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын балансына өткөрүлүп берилди.

Даректери:
1. Элебесов жана Курманалиев көчөлөрүнүн кесилиши;
2. Сүйүнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши;
3. Москва жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилиши;
4. Үмөталиев жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиши;
5. Бөкөнбаев-Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши №67 орто мектептин жанында;
6. Профсоюз жана Кайназарова көчөлөрүнүн кесилиши;
7. Токтогул жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилиши;
8. Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши;
9. Орозбеков жана Саадаев көчөлөрүнүн кесилиши;
10. М.Алыбаев жана Жеткинчек көчөлөрүнүн кесилиши, №78 орто мектептин жанында («Көлмө» конушу);
11. Бакай-Ата жана Ак-Талаа көчөлөрүнүн кесилиши, №85 орто мектептин жанында (Бакай-Ата конушу);
12. Калыс-Ордо - 11 жана Калыс-Ордо-109 көчөлөрүнүн кесилиши, №86 мектептин жанында (Калыс-Ордо конушу);
13. Тыныстанов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилиши;
14. Оберон 10 көчөсү, №91 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор («Кара-Жыгыч» конушу);
15. Гагарин көчөсү11, №25 орто мектеп (жөө жүргүнчүлөр)
16. Улан -2 кичи районундагы 7-апрель көчөсүндө жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор;
17. 4-кичирайону Сүйөркулов көчөсү, №17 орто мектептин жанындагы жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор;
18. Юнусалиев көчөсү, Мега-Сити турак жай комплексинин жанында жөө жүргүнчүлөр үчүн светофор.

"Сегиз жол чырак тесттик режимде. Ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн 27 үндүү жол чырагы орнотулду, бул көрүүсү начар жана азиздерге жолдон качан өтүү коопсуз экенин түшүнүүгө жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Мэриядан белгилешкендей, тизме жарандардын кайрылууларынын, райондук акимчиликтердин сунуштарынын негизинде жана борбор калаанын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жол кыймылын көзөмөлдөө бөлүмүнүн корутундусун эске алуу менен түзүлдү.

Эскерте кетсек, коомдук транспорттун иштеши боюнча суроолоруңуз болсо, шаардык транспорт башкармалыгынын колл-борборуна: 0 (312) 53-36-48 телефону, WhatsApp: 0 (502) 205-202 телефонуна фото жана видео жөнөтүүгө болот.

Пикир

Оставить комментарий