• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 26 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.22. /Кабар/. Бишкекте 26 жаштагы айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп алган, жабырлануучу ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-майда болжол менен саат 21:40та Toyota Corolla автоунаасынын М.А., аттуу айдоочусу Айни көчөсү менен чыгыш тарапка бара жатып, Ч. Айтматов көчөсүнүн кесилишинде жөө өтмөктө жүргүнчүнү сүзүп алган.

Жабырлануучу шаардагы №4 ооруканага жеткирилген.

Автоунаа айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий