• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 27 жаштагы Орусиянын жараны 9-кабаттан кулап каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 13.11.17./Кабар/. Кечээ, 12-ноябрда болжол менен саат 17:25 чамасында Бишкектеги Ч.Айтматов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдөн бир киши кулап, каза болду. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Ч. Айтматов көчөсүндөгү №29 үйдүн 147-батириндеги “Байчечекей” дүкөнүнүн чатырына 9 кабаттуу үйдүн 9-кабатынан 1990-жылы туулган К. Е. Г. аттуу Орусиянын жараны кулап түшкөн. 27 жаштагы бала окуя болгон жерден каза болгон. Куткаруучулар анын денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий