• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 27 жаштагы жигит 3 миң доллар уурдоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.07.19. /Кабар/. Бишкекте 27 жаштагы жигит 3 миң доллар уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милициядан белгилешкендей, 16-июль күнү Ленин райондук милициясына Ш.У., аттуу шаар тургуну кайрылып, үйүн белгисиз бирөөлөр тоноп кеткенин билдирген.

Анын айымында, 16-июль күнү саат 10:00-12:00 аралыгында белгисиз бирөөлөр Тыныбеков көчөсүндө орун алган үйүнө терезе аркылуу кирип, 3 миң доллар уурдап кеткен.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде "Уурдоо" беренеси боюнча каттоого алынган.

Андан кийин бул ишке шектүү катары мурда бир нече ирет соттолгон 27 жаштагы С.Д., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милициядан билдиришкендей, ал жарандын ушундай эле 10 ишке катыштыгы бар болушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий