• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте №28 мектептин окуучулары жана эки бала бакча 2 жумага карантинге алынды

Коом 0

Бишкек, 14.04.21. /Кабар/. Бишкекте COVID-19га байланыштуу №28 мектеп-лицейинин окуучулары 2 жумага карантинге жөнөтүдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул эле себеп менен Бишкектеги №13 мектеп-гимназиясы дагы жабылды.

“Мектептерди кийинки жумада ачуу пландалууда”,-деп айтылат маалыматта.

“Мындан тышкары, 7 мектептин 11-класстары аралыктан окууга өтүштү”,-деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан №93 жана №12 балдар бакчалары карантинге жабылды.

Эскерте кетсек, 9-марттан баштап борбор калаада башталгыч класстын окуучулары жана 5,9, 11-класстын окуучулары салттуу режимде окуй башташкан. Калган класстын окуучулары онлайн-режимде окууларын улантышууда.

Мындан мурда Бишкек мэриясы 1-апрелден баштап бардык окуучулар үчүн салттуу окуу режимин баштоону пландаган. Бирок, кийин эпидемиологиялык абалдын начарлай баштаганынан улам мектептерди ачуу жокко чыгарылган.

6-апрелде шайлоо жана борбор калаадагы эпидемиологиялык абалдын начарлашына байланыштуу 8-апрелден баштап бардык окуучуларды онлайн окутуу режимине өткөрүү тууралуу маалымдалган. Кийин мэрия бул маселени кайра карап чыгып, шайлоодон кийин 12-13 апрелде мектеп имараттарында балдардын окууга келүүсү үчүн 2 күн тазалоо иштери жүргүзүлөрүн кабарлаган.

Пикир

Оставить комментарий