• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 28 жаштагы жигит дайынсыз жоголду

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. Бишкекте дайынсыз жоголгон 28 жаштагы Исабек уулу Саид изделүүдө, ал биринчи топтогу майып.

Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, Саиддин апасы милицияга кайрылган. Анын айтуусунда уулу 6-июлда болжол менен саат 14:00дө Фучик көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Азыркы учурга чейин анан кайда экендигин эч ким билбейт.

Белгилери: бою 155 см, чачы кара, кыска, көзү күрөң, орточо дене түзүлүштөгү.

Кийимдери: боз футболка, көк чолок шым, бутунда күрөң жайкы бут кийим.

"Исабек уулу Саиддин кайда экенин билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар:0(312) 35 26 05, 0553 102 465, 0703 401600, 0705 450553,0553102 880 же «102» кызматына", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий