• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Бишкекте 3 айда жол эрежесин бузуудан өлкө бюджетине 35,2 млн сом өндүрүлдү

Укук тартиби 0

Бишкек, 11.04.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгында 1-чейректи жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кайгуул кызматкерлери тарабынан 3 айдын ичинде жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 90 миң 807 бузуулар жөнүндө протокол толтурулуп, мамлекеттик бюджетке 35 млн 207 миң 600 сом өндүрүлгөн.

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 604 ;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 899;

- автоээнбаштык - 9;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 204 ;

- коопсуздук курун тагынбай автоунаа башкаруу - 23 миң 727;

- токтоо эрежелерин бузуу. Тыюу салынган жерлерде автоунааларды токтотуу - 50 миң 964;

- жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу - 3 843;

-туура эмес токтотуулар үчүн - 50 миң 964;

- башка жол эрежелерин бузуулар - 23 миң 727.

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 6 миң 47 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.

Ошондой эле 3 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 15 миң 557 чакыруу ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Алардын ичинен;

- жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген жарандар - 4 497;
- “Коломто” муниципалдык жайына жеткирилгендер - 286;
- тилемчилик - 108.

Пикир

Оставить комментарий