• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 3 автоунаа сүзүштү (фото)

Кырсык 0

Бишкек, 30.07.18. /Кабар/. Абдрахманов жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишинде саат 16:45 чамасында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктүн алдынан 3 автоунаа сүзүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине күбөлөр билдиришти.

Күбөлөрдүн айтымында, Тойота үлгүсүндөгү автоунаа “зебранын” алдынан жөө адамдарды коё берүү үчүн токтогон. Анын артынан келе жаткан унаалар токтотконго жетишпей калышып, бири-бирин сүзгөн.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча кырсыктан эч ким жабыркаган эмес, айдоочулар унааларын жолдон алышкан.

Пикир

Оставить комментарий