• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 3-кабаттан кулаган жигит каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.19. /Кабар/. 30-мартта Бишкектеги Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулаган жигит каза болду. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине укук коргоо органдарындагы жеке булактар кабарлашты.

"1993-жылкы бала көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан кулаган. Маркумдун канында спирт ичимдиги жана баңгизаты бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий