• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте 3 класс жана бир мектеп карантинге жабылды – вице-мэр

COVID - 19 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева брифинг учурунда шаардагы мектептер салттуу режимде иштеп жатканын, бирок бүгүнкү күнгө карата 3 класс жана бир мектеп карантинге жабылганын билдирди.

Ал кайсыл окуу мекемелериндеги класстар жабылкагын тактаган жок, бирок бары ар түрдүү мектептер экенин жана №56 мектеп жабылганын белгиледи.

“Биз аны алгоритм боюнча жабууга аргасыз болдук, анткени бир инкубациялык мезгилде COVID-19 инфекциясынын 2 учуру катталган. Ошентип, мугалим менен окуучунун ПЧР тести оң анализди көрсөткөн. Бала – симптомсуз оору алып жүрүүчү, бирок педагогикалык иликтөө жүргүзгөндөн кийин ал мугалим менен байланышпаганы белгилүү болду, анткени мугалим жогорку класстарга сабак берет, ал эми бала 6-класстын окуучусу”, - деди вице-мэр.

Ал онлайн окутууга өтүугө негиз жок экенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий