• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 3 мектеп карантинге жабылды

Коом 0

Бишкек, 15.04.21. /Кабар/. Бишкекте №13, №28 жана №52 мектептер карантинге жабылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде борбор шаардык билим берүү уюмдары салттуу жана онлайн-режимде иштей баштаган.

“Борбор калаанын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын статистикалык маалыматтар боюнча? мектепке башталгыч кыласстардын, 5, 9 жана 11-класстардан 100 миңден ашык окуучу барган”,-деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде 1 миң 377 окуучунун ата-энеси онлайн-форматта үйдө окууну улантуу тууралуу арыз жазган.

“Азыркы учурда борбор калаада COVID-19 менен аныкталган учурларга байланыштуу 3 мектеп, атап айтканда №13, №28 жана №52 мектептер жабылды”,-деп билдирет муниципалиттен.

COVID-19дун жайылуусун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чараларга карабай билим берүү мекемелеринде оору жугузгандар катталып жатат.

Балдар же мугадимдердин арасынын илдет аныкталган болсо Билим берүү жана илим министрлигинин, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун алгоритмине ылайык ыкчам иштер жүргүзүлөт.

Бишкек мэриясы кандай учурда мектептер карантинге жабылары тууралуу эскертти.

“Онлайн режимге толук өтүү оорулуу бала же мугалим менен болгон байланыштын санына жараша болот, чечим МСЭКБдин эпидемиологдору тарабынан кабыл алынат”,-деп айтылат мэриянын маалыматында.

Пикир

Оставить комментарий