• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте өспүрүмдөр жашы жете элек баланы тапанча менен коркутуп, телефонун тартып алган

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Бишкекте өспүрүмдөр жашы жете элек баланы тапанча менен коркутуп, телефонун тартып алган. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-февралда Биринчи май райондук милициясына С.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арызында ал 31-январда болжол менен саат 22:00дө "Эмен" сейил багынан арыздануучунун жашы жете элек баласына белгисиз жарандар күч колдонуп, тапанча менен коркутуп, үч миң сомдук "Самсунг А-3" үлгүсүндөгү уюлдук телефонун ачык түрдө ээлеп алышкандыгын билдирген.

Аталган факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (“Каракчылык”) менен иш козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү катары 16 жаштагы М.А., 17 жаштагы А.Т., А.Э., А.А. жана К.Д. аттуу өспүрүмдөр кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Шектүүлөр Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Учурда кылмышка шектүүлөрдүн башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тийиштүү тергөө иштери жана ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий