• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 08.04.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Байтик Баатыр жана Сүйөркулов кочөлөрүнүн кесилишинде 7-апрелде болжол менен саат 21:40тар чамасында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, түндүк багыттан келе жаткан “Мерседес” үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеге чыгып, "Ниссан" унаасын сүзгөн. Артында келе жаткан "Ауди А6" унаасы болсо "Мерседести" сүзүп алган.

Кырсыктын натыйжасында 4 адам жабыркаган. Алардын экөө амбулатордук дарылануудан өтсө, калган экөө ооруканага жаткырылган.

Унаалардын бардыгы атайын айып унаа токтотуучу жайга токтотулган. Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынды.

Пикир

Оставить комментарий