• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.10.18. /Кабар/. Бүгүн, 30-октябрда Ибраимов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде "Тойота", "Мерседес" жана "Мазда" автоунааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

"Кабар" агенттигинде Жол коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктан кабарлашкандай, жол кырсыгынын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес.

"Айдоочулар дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүштү. Жол кырсыгы катталган кезде айдоочуларды бирөө да мас абалында болгон эмес. Унаалар айып унаа токтотуучу жайга киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

Бардык чогултулган материалдар Бишкек ШИИБне жөнөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий