• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, 7 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Бишкектеги Абдрахманов жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 31-октябрда болжол менен түнкү саат 23:20лар чамасында катталган.

Анда “Дэу Матиз”,“Мерседес-Бенц” жана “Хонда Фит” үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Натыйжада 7 адам (4 эркек жана 3 аял) жабыркаган.

Окуя болгон жерге ӨКМдин куткаруучулары келип, “Дэу Матиз” унаасынын ичине кыпчылып калган жүргүнчүнү алып чыгып, тез жардам кызматынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

“Жабыркаган 6 адамга (3 эркек киши жана 3 аял киши) тез жардам кызматкерлери биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, №4 ооруканага алып кетишкен”, - деп кабарлашты ӨКМ кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий