• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 30-август күнү веложүрүш болот

Коом 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Бишкекте 30-августта эртең мененки саат 09:00дө веложүрүш өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Веложүрүшкө катышууну каалагандар жаңы ачылган "Адинай" сейил багына келиши керек.

Мэриядан билдиришкендей, жүрүш сейил бактын түндүк тарабынан башталып, катышуучулар Ч. Айтматов проспектиси менен "Орто-Сай" айылына чейин барып, Байтик-Баатыр көчөсү менен кайра ылдый түшүп, Токтомбаев көчөсү менен жүрүш башталган жерге келишет. Веложүрүштүн жалпы узундугу 10 чакырымды түзөт.

Жарандардын коопсуздугу үчүн катышуучулардын ортосунда 1,5-2 метр аралык сакталып, аларды Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын үч унаасы жана бир тез жардам унаасы коштоп жүрөт.

"Жолдун бир тарабы жабылып, веложүрүштүн катышуучулары өтүп кеткенден кийин жол ачылат. Катышуучулар сөзсүз шлем жана башка коргонуучу каражаттарды кийип келиши керек. Болбосо алар жолго чыгарылбайт. Ошондой эле беткап менен антисептиктерди унутпаңыздар", - деп билдирет мэрия.

Пикир

Оставить комментарий