• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте 300 жалбырактуу дарактардын көчөтү отургузулду

Коом 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районуна 300 түп дарактын көчөтүн отургузуу иштерин жүргүзүшүүдө. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Дыйканчылык институтунун паркына 100 көчөт, андан тышкары 4-шаардык оорукананын багына 200 дарак көчөтү отургузулат.

Үстүбүздөгү жылы “Жашылдандыруу” МИ клен, эмен, кайың, терек, каштан, липа сыяктуу 4 миңден ашык жалбырактуу дарактарды отургузууну пландоодо.

Борбор калаанын Октябрь районуна 1 миң 505 түп, 1-Май районуна 338, Ленин районуна – 1990, Свердлов районуна – 845 жалбырактуу дарак отургузуу каралган.

Пикир

Оставить комментарий