• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 303 жөө кайгуул кызматкери иш алып барууда – Орозалиев

Коом 0

Бишкек, 01.04.20. /Кабар/. Бишкекте 303 жөө кайгуул кызматкери иш алып барууда. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Ал маалымдагандай, Биринчи май районунда 55, Свердлов районунда 80, Ленин районунда 88 жана Октябрь районунда 80 жөө кайгуул кызматкери иш алып барууда.

Орозалиевдин айтымында, Бишкекте 119 жаран коменданттык саатты бузган. Алардын ичинен 102си эркек, ал эми 17си аял кишилер. Кармалгандардын арасында 3 чет өлкөлүк жаран бар.

31-мартка карата Кыргызстанда 107 адам коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды. Алардын арасынан Жалал-Абад облусунда үчөө айыгып чыккан. Коронавирустан улам Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген. Саат 20:00-07:00гө чейин коменданттык саат белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана жол кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий