• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 31-декабрь жана 1-январда коомдук унаа жаңы багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт

Коом 0

Бишкек, 30.12.20 /Кабар/. Жаңы жылдык майрамга карата Бишкек шаарында 31-декабрь жана 1-январда коомдук унаа жаңы багыт боюнча жүргүнчүлөрдү ташыйт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 31-декабрда №2, №4, №7, №8, №10, №14 автобус, маршрутка жана троллейбустар таңкы саат 6дан түн жарымга чейин жүрөт.

Ал эми 1-январда автобус жана троллейбустар эртең мененки саат 8ден кечки 20:00гө чейин, маршруткалар болсо саат 00:00гө чейин каттайт.

Пикир

Оставить комментарий