• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 33 жаштагы аялды унаа коюп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 03.04.18. /Кабар/. Бишкектеги Юнусалиев жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде унаа кырсыгы катталган,-деп билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, натыйжада 1984-жылы туулган Б.Н., аттуу аялды унаа коюп кеткен, учурда анын абалы жакшы.

“Куткаруучулар жерине барышып, жабырлануучуну медициналык тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпысынан 5 куткаруучу тартылды”,-деп билдиришти ӨКМден.

Пикир

Оставить комментарий