• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 35,6 млн сомдук бала бакчанын курулушу башталды

Коом 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Бишкекте жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, бала бакча Тыныстанов 193 дареги боюнча салык кызматынын мурдагы күйүп кеткен имаратынын ордуна салынууда.

Учурда даярдоо иштери жүрүп, аны менен катар имараттын пайдубалы куюла турган чуңкур казылууда.

Бала бакча эки кабаттуу болуп, аянты 1 миң 216 чарчы метрди түзөт. Анда балдар үчүн оюн, уктоочу бөлмөсү, музыкалык жана спорт сабактары үчүн бөлмөлөр болот.

Бала балчанын курулушуна 35 млн 602 миң сом кетип, ал шаардык бюджеттен бөлүнүүдө.

"Курулуш иштерин жүргүзгөн компания курулушту келерки жылдын сентябрь айына карата бүткөрүүнү убада кылып жатат. 2020-жылдын күз айында ал бала бакчага 100 бала бара баштайт", - деп билдиришти мэриядан.

Пикир

Оставить комментарий