• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте 35 көчөдө курулуш иштер башталды

Коом 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. Бишкекте 35 көчөдө курулуш иштери башталганын Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, 37 чакырымга созулган 35 көчөдөгү курулуш иштери “Бишкек шаарынын көчө - жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Кытай тараптан берилген гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

“Бишкекте жыл аягына чейин 44 көчөдө жарыктандыруу, тротуарларды оңдоо жана сугат лотокторду салуу пландалууда”, - дейт ал.

Кудайбергенов №8 кичирайонундагы Жукеев-Пудовкин көчөсүндө, №11-кичи районундагы Айтиев жана Куттубаев көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тармагын жакшыртуу боюнча иштер бүткөрүлгөнүн маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий