• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 39 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү – комендант

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. Бишкекте 39 миң 225 аз камсыз болгон үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

"Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүү максатында 4 баскычтан турган система иштелип чыкты. 39 миң 225 аз камсыз болгон үй-бүлөгө аз-түлүк берилди", - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 21:00-06:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 06:00дөн 21:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек

Пикир

Оставить комментарий