• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте 4 адам "Тазалыктын" кызматкерлерин кемсинтип, сабап салышты

Коом 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Бишкекте 11-июлда 4 жигит "Тазалыктын" кызматкерлерин бомж деп атап, жүк ташыган жумушчуну сабап салышкан. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди..

Анын айтымында, окуя Лущихин көчөсүндө болгон.

"Биздин кызматкерлер контейнерлерден таштандыларды чыгарып жатышып, балдарды бир мүнөт күтүп туруусун суранышкан. Эки жаш жигит таштанды ташуучу унаанын айдоочусун четке алып барып, калган экөө жүк ташыган кызматкерди муунтушуп, таш менен урушкан. Окуядан кийин биз милицияга арыз жаздык. Жабырлануучу азыр ооруканада", - деди Каракеева.

Пикир

Оставить комментарий