• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте 4 көчөдө 8 чакырым тротуар жана веложол курулууда

Коом 0

Бишкек, 05.06.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын 4 көчөсүндө 8 чакырым тротуар курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алсак, Сухэ-Батор көчөсүнүн Каралаев көчөсүнөн Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабында тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат. Учурда жолдун кыртышын даярдоо иштери аяктап, ирригация системасын жана тротуар бордюрларын орнотуу иштери жүрүүдө.

Ошондой эле Юнусалиев көчөсүнүн Ахунбаев көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн чыгыш тарабында тротуардын эски асфальты сыйрылып, бордюрлар орнотулууда. Тротуардын узундугу 1600 погондук метрди түзөт.

Ал эми Садырбаев көчөсүнүн чыгыш тарабында Семетей көчөсүнөн Масалиев көчөсүнө чейин узундугу 2800 погондук метрди түзгөн веложолдун жана тротуардын курулушу аяктап жатат. Тротуарлардын кыртышы даярдалды, ирригация системасы жана тротуардын тосмо таштары орнотулду.

Мындан тышкары, Махатма Ганди көчөсүнүн чыгыш тарабында Саадаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин узундугу 3000 метр тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.

Пикир

Оставить комментарий