• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дээрлик 5 миң балага социалдык колдоо көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 28.05.21. /Кабар/. 1-июнь - Эл аралык балдарды коргоо күнүнүн алдында Бишкек шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү башкармалыгы балдарга материалдык колдоо көрсөтөт.

Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, даректүү социалдык колдоо 4 миң 993 балага, ошондой эле шаардын социалдык өнүгүү органдарында каттоодо турган ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга борбордун почта бөлүмдөрү аркылуу төлөм түрүндө берилет.

Мындан тышкары, убактылуу баш калкалоо борборлорундагы 1000 бала жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштеген 20 бейөкмөт уюмдар таттуу белектерге ээ болушат.

Шаардык бюджеттен 2 млн сомдон ашык каражат каралган.

Эгер балдарды колдоону кааласаңыз, анда түздөн-түз балдар борборлоруна кайрылсаңыздар болот:

1. Балдарды социалдык адаптациялоо борбору: "Жал" кичи району, Курчатова көч, 70 Мукарам Атамырзаевна 0550 656 521;

2. Социалдык жатакананын дареги: Балтагулова 1 көчөсү, Шералиева Гүлжан Нарынбаевна 0550 726630

3. "Айданек" жашы жете элек балдардын реинтеграциялык борбору: "Учкун" жаңы конушу, көч. Сатыбалдиева көчөсү 97, Элмира Темирбековна 0700 480 635.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарды келе жаткан майрамы менен куттуктайт!

Пикир

Оставить комментарий