• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, үч киши ооруканага түштү

Кырсык 0


Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Бишкекте 4 унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 20-апрелде болжол менен саат 00:41лер чамасында Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунаа Ч. Айтматов көчөсү менен түштүк багытта бара жатып, аталган багытта бара жаткан Mercedes-Benz автоунаасын сүзгөн. Андан кийин карама-каршы багытта келе жаткан "Хундай-Портер" унаасын сүзүп, андан ары карама-каршы багыттагы "Хонда Тернео" унаасын сүзүп токтогон.

Натыйжада жол кырсыгынан 3 киши жабыркап, ооруканага тез жардам унаасы менен жеткирилген.

Учурда унаалар айып короо жайына токтотулуп, тийиштүү экспертиза дайындалып, кырсыктын келип чыгуу себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий