• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте 4 жылдын ичинде жынысын алмаштыруу боюнча 10 операция жасалды

Ден соолук 0

Бишкек, 14.06.18. /Кабар/. 4 жылдын ичинде Улуттук госпиталда жынысын алмаштыруу боюнча 10 операция жасалган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында №1 урология бөлүмүнүн башчысы Нурбек Садырбеков билдирди.

“Негизинен мусулман өлкөлөрдө жынысын алмаштырууну кубатташпайт. Бизде мындай операция жасалат, коңшу өлкөлөрдөн келип кайрылышат, бирок көбүнчөсү Кыргызстандын жарандары. Жынысын алмаштыруу боюнча биз жасаган операциялардын бардыгы ийгиликтүү өттү”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле Садырбеков алар аялды эркекке жана тескерисинче эркекти аялга өзгөртө ала тургандыктарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий