• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте 42 жаштагы окумуштуу Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Кечээ, 29-июнда Бишкекте 42 жаштагы илимпоз Шерик Рыскулов коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ш.Рыскулов юридикалык-окумуштуу, юридикалык илимдердин кандидаты, КР Улуттук илимдер академиясынын жана Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун кандидаттык жана докторлук диссертацияларын коргоо боюнча Диссертациялык кеңештин мүчөсү, юстициянын 3-класстагы кеңешчиси болгон.

Ал 1979-жылы 23-ноябрда Чүй облусунда туулган.

Пикир

Оставить комментарий